Menu

Эл өкүлдөрү КТРКнын Байкоочу кеңеши коомдогу саясый балансты сактай албай жатканын сынга алууда

Бөлүшүү:

 Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету угулууда. Жыйынга КТРК жетекчилиги менен анын Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат, – Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

КТРКнын Байкоочу кеӊешинин төрагасы Жыпар Жекшеевдин маалыматы боюнча мыйзам талабына ылайык Байкоочу кеӊеш жыл ичинде 4 жолу жыйын өткөрүүгө тийиш, бирок айрым бир муктаждыктарга байланыштуу 2017-жылы 13 кезектеги жана кезексиз жыйын өткөрүүгө туура келгенин белгиледи. «Байкоочу кеӊештин жыйындарында негизинен КТРКнын контентин жакшыртуу, санариптик көрсөтүүгө өтүүгө даярдык көрүү маселелери, материалдык-техникалык абалды жакшыртуу чаралары, каржылык-чарбачылык иштери сындуу кечиктирилгис маселелер каралды», – деди ал.

Суроо-жооп маалында депутат Таабалды Тиллаев КТРКдан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары боюнча анын 90 жылдыгына байланыштуу ар кандай көрсөтүүлөрдү, фильмдерди көрсөтүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Депутат Мурадыл Мадеминов маалымат коопсуздугун камсыздоо максатында айрым жерлерде КТРКнын тартпай жатканына олуттуу көңүл бурууга чакырды. КТРКнын директору И.Карыпбеков көтөрүлгөн көйгөйгө “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасынын алдындагы РПО РМТР ишканасы жооптуу экенин билдирди.

Депутат Каныбек Иманалиев КТРКнын Байкоочу кеңешин коомдогу саясый балансты сактай алган жок деп сынга алды. Мындай пикирди депутаттар Абдывахаб Нурбаев, Эмил Токторов улады.

Талаштуу талкуу жараткан маселе КТРКга республикалык бюджеттен 7-8 жылдар бери бирдей эле каражат бөлүнүп келе жатканы болду. Жыйынга катышып отурган КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков жылына болжол менен 35-30 млн сомдон каражат бөлүнүп, каржылоо көбөйүп келе жатат дейт. КТРК жетекчиси буга макул эмес.

Суроо-жооп күндүн экинчи жарымында улантылат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: