Menu

Өмүрзаков жарандарды коргобой эле кордойбу?

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго караштуу делген Ош шаарындагы “Мухаммед-Умар” спорт клубунун балдарынын жүрүм-турумуна жергиликтүү эл аябай нааразы болуп, акыйкат таппай жатышканы көптөн бери айтылып келе жатат. Элдин укугун коргойт деген тармакта экинин бири болуп чоң кызматты аркалап турган Сүйүн мырзанын «чоң муштум» балдарынан жабыркагандардын муң-зарына президент көңүл буруп, чара көрбөсө, эч кимдин тиши өтпөй калды.

Аталган спорт клубда тарбияланган балдар кылмышка барса, жоопкерчиликке тартылбай, ченебей көбүшкөн. Ээн баш балдарынын тизгинин тартып койгондун ордуна, Өмүрзаков айтылгаңдарды куру доомат деп атап, четке кагып, танып келет. Маселен, Өмүрзаковдун балдарынан запкы жеген Оштогу ишкер Жайнагүл Турдуева “Мухаммед-Умар” клубунун спортчулары анын дүкөнүн көз алдында карактап, жолдошун ур-тепкиге алганын “Азаттыкка” билдирген. Андан бери кыйла убакыт болду. Чара көргөн жан болгон жок. Бийлик Сүйүн мырзага “карышкырга кой кайтарткансып” ИИМдин орун басары кылып койду. Ага да ыраазы болбой, министр болом деп чамынып жүрөт…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: