– Зайнидин мырза, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан КСДП президенттикке кимдин талапкерлигин алып чыгат деп ойлойсуз? Тараза ташындагы Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковдун кимисине такты ташы оочудай болуп турат? Сиздин көз карашыңыз менен да абалды сыдыргыдан өткөрүп көрбөйлүбү?
– Муну керек болсо Алла Таала өзү деле билбесе керек.
– Кимиси болуп кетчүдөй эми? Экөөнүн бирөөсүн атап, айтып көрсөңүз?..
– Кимиси президентке жакыныраак жана берилген, ким тил алчаак жана сатып кетпес… Мураскерликке ошол тандалат…
– Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдо шанс кандай деп ойлойсуз?
– Экөө тең эле го…
– Бул экөө жөнүндө кененирээк эле сөз кылып бербейсизби эми?
– Сен мага философиялык суроону бердиң, мен сага философчо жооп бердим. Мен шашып жаттым эле, болду, лекцияга кеттим. Балдар, кыздар күтүп калды…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ