Menu

Өмүрбек Текебаев: “Сооронбай Жээнбеков жеке өзү мага “9-октябрда аянтта турган элдин жарымынан көбү менин адамдарым болчу” деп айткан”

Бөлүшүү:

Өмүрбек Текебаев “Супер ТВ” каналынын “Саясый коктейль” берүүсүнө берген маегинде 9-октябрда аянтка чогулгандардын жарымынан көбү Сооронбай Жээнбековдун адамдары болгонун айтты.

Саясатчынын айтымында, бул тууралуу ага экс-президент жеке өзү айткан.

“Сооронбай Жээнбеков мага жеке өзү “Өмүрбек чакырдым эле, келбей койдуң” деп айтты. Бабановуң болсо, Атамбаевге чуркап кетти. Мен сөзүмдү уккан депутаттарды жыйнап, өзүмдүн үкам Асылбек менен анын досу Зулпукаровдун тил катын алып, ошол жерде сессия уюштуруп бердим. Бир эмес, үч жолу сессияны мен жыйнап бердим. 9-октябрда Атамбаев келатканда аянтта турган элдин жарымынан көбү менин адамдарым болчу” деп айтты”, – деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 9-октябрда төрт партия премьер-министрликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуш кылган. Түштөн кийин Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов тарапкерлерин Ала-Тоо аянтына алып чыгышкан. Аянтка келген Атамбаевдер аянтта көпкө чейин болушкан жок. Атамбаевдин, Бабановдун тарапташтары менен Садыр Жапаровдун тарапташтары кагылышып, жыйынтыгында Кой-Таштан келген митингчилер тарап кетишкен. Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: