31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
1-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.
2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 4-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кыргыз Республикасынын аймагында 5-6-февралда күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу
5-6 февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
31-январда жана 1-2-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
31-январда жана 1-2-февралда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы
31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ