Menu

Чынара Капарова:« Мыйзам боюнча эки жылдын айлык акымды Илим Карыпбеков төлөп бериши керек»

Бөлүшүү:

Мындан эки жыл мурун КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кол алдында иштеген Чынар Капарованы «Сүйүнбай Эралиев Эл Баатыры» деген сөзү үчүн иштен кетирген. Чырдын учу Жогорку сотко чейин жетип, 26-март күнү соцтармактан Чынар карындашымдын пайдасына чечилип, жеңип чыкканы боюнча маалымат тарады.

– Чынар айым, эки жыл мурун «Илим Карыпбеков мыйзамсыз иштен алды» деген доо менен сотко кайрылып, «мен чындыгымды далилдейм» деп коомчулукка жар салгансыз. Эми жыйынтыгы чыгып, көрөрмандарың кубанып, биздин редакцияга да чалып сурап жатышат. Ушу боюнча өз оозуңдан уксак?

– Саламатсызбы, ооба, Жогорку сот тарабынан менин пайдама чечим 26-март күнү чыккан болчу. Бирок, мен массалык маалымат каражаттарына азырынча эч кандай маалымат бербедим. Анткени, ашыгуунун кажети жок эле. Журналисттер абдан тырышчаак калк эмеспизби, мени менен байланыша алышпай Жогорку соттун басма сөз кызматы аркылуу тастыктап алышыптыр. Сурагандарга «азыр так маалымат бере албайм» деп жатам. Анткени, мени мыйзамсыз иштен алган жетекчи менен жолугуп, ишке орноштуруунун сунуштарын билишим кажет. Адегенде жолугушууларды, ишке орноштуруу иш-чараларын бүтүрүп, ошондон кийин гана толук айтып берүүнү ойлогом…

– Моралдык чыгымды төлөп берүү кандай болот?

– Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен мага аргасыз бош жүргөн күндөрүм үчүн 6 айдын айлык маянасы жана моралдык чыгым жалпы 60 миң сомдой төлөнүп берилиши керек. Бирок, Илим Майрамбековичтин буюртмасы менен райондук соттон кийин иш эки жолу шаардык сотто, эки жолу Жогорку сотто каралып, эки жылдай убакыт өтту. Мыйзам боюнча ошол эки жылдын айлык маянасы төлөнүп берилиши керек экен. Бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Баардыгын убакыт көрсөтөт. Азырынча ушу…

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: