Menu

Кылмыштуу иштерди жасап, мыйзамды тебелеген полковник Калиев Болоткан кудайды да көзгө илбейби

Бөлүшүү:

Акыркы 10-15 жыл ичинде Кыргызстанда айрыкча борбор шаарыбыз Бишкекекте курулуш тармагы абдан өнүгүп, өзгөчө көп кабаттуу үй салган жеке курулуш компаниялары көбөйгөнү маалым. Бирок курулуш компанияларынын айрымдары таза жол менен иштебей, элди азапка салган учурлар да кездешет. Маселен, үй салынып бүтө элек кезде эле үй алууну каалагандардын акчаларын алдын ала чогултуп алышат да, үйдү өз убагында бүтүрүп беришпей, созуп жүрө беришет. Карапайым адамдар үйдөн, же берген акчасынан жок ортодо азап тартышат. Биз мына ушундай көрүнүштөрдүн бирин жалпы коомчулукка жарыялайлы деп турабыз. Биз жаза турган компаниянын аты “Адвекс Строй” жана ушул эле компаниянын өнөктөшү, чогуу иш алып барган “Галарт групп”.

Бул компаниянын кожоюндары Калиев Болоткан Бексыргаевич ( 60 пайыз үлүштүн ээси), Швецов Алексей (35 пайыз үлүштүн ээси болгон) жана Сапарбаев Адилет (5 пайыз үлүштүн ээси) болгон. Булар Жаш-Гвардия-Касымалы Баялинов көчөлөрүнүн кесилишине көп кабаттуу үй салып башташып, ал жерден үй ала турган жалпы 20дай адамдан 482 миң доллар чогултушат. Бирок бир канча жыл өтсө да, үйдү бүтүрбөй, же элдин акчасын бербей, өз билгендерин кылышкан. Канткен менен эл деген эл да. Мындай алдамчы адамдарды сотко берип жоопко тартуу талабын коюп баштаганда алар айлалары кетип, мындай туңгуюктан чыгуу үчүн иштин көзүн билген адам издешет. Швецов Алексей бул жаатта тажрыйбасы бар адис айым Дайракунова Уулгелди Эсенгелдиеваны жардамга чакырган. Уулгелди айым, элдин ишениминен чыгып, сазга баткан компанияны 1, 5 жылдын ичинде карыздан кутултуп, баарын талапка ылайык иретке келтирген жан. Ал тургай фундаменти гана курулуп, токтоп калган көп кабаттуу үйдү учурда бутүруу алдында турат. Бирок мындай жакшылыкты билбеген компаниянын кожоюндарынын бири Калиев Болоткан Уулгелди айымды бул компаниядан таптакыр кубалоонун ар кандай ыкмаларын ойлоп, ишке ашырып жатыптыр. Баса, Калиев мырза өзү ИИМде бир топ жыл жооптуу кызматтарда иштеген, милициянын полковниги, акыркы кызматтарынын бири буга чейин жоюлуп кеткен баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын каржы башкармалыгынын башчысы болгон. Мына ушул адамдын мыйзамсыз иштерин төмөндө Уулгелди айымдын өз оозунан угалы.

-Уулгелди эже, алгач окурмандарга өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

—Мен кесибим боюнча журналистмин. 1982-жылы Ростов университетинин журналистика факультетин бүтүргөм. Жогорку окуу жайларда сабак бердим. Басма сөздө иштедим. Өкмөттүн басма сөз кызматында эмгектендим. Танаев премьер болуп турганда, элге чыгып сүйлөй турган сөздөрүн жазчумун. Соцфонд кызматынын “Соцфорум” деген журналынын биринчи редактору мен болуп, бир канча санын чыгардык. Кийин коомдук иштерге да активдүү алек болуп баштадым. Экономика, ишкерлик багыттары боюнча өз алдымча 7-8 жыл изилдеп, билим алдым. Илимдин кандидаттарына, докторлоруна окуучу болуп, тажрыйба топтодум 2010 жылы революциядан кийин Роза Отунбаеванын демилгеси менен “Түндүк Электродо” элди электр энергиясы менен сапаттуу тейлөө боюнча атайын кызмат ачылган. Мына ошол жерде да иштеп, “Түндүк электронун” көйгөйлөрүн тереңден түшүнүп, алдын алганга аракет кылдык. Андан кийин Сокулукта “Ролла-Чабрец” деген агрохолдинг жумушка чакырып калып, ал жерде мен стратегия боюнча директор болуп 3 жылга жакын эмгектендим.

—“Адвекс Строй” компаниясына кантип иштеп калдыңыз?

—2016-жылы май айында мени ушул компаниянын түзгөн кожоюндарынын бири Швецов Алексей чакырып калды. Ал киши менен мурун тааныш элем. Бул компания Бишкектин Жаш Гвардия-Касымалы Баялинов (№180) (мурунку Ленинградская) көчөлөрүнүн кесилишине 6 кабаттуу үй салып башташкан экен. Мен келген учурда үйдүн фундаменти гана туруптур. “Ушул жерден үй аласыңар”- деп жалпысынан 20дай кишиден 480 миң доллар чогултушкан экен. Анын 90 миң долларын фундаметке жумшадык дешти. Бирок калган акчанын дайыны чыкпай калган.

-Сиз карызга баткан, элди алдаган компанияны кандай жол менен тазалап, кайра элдин ишенимине кире алдыңыз?

—Компаниянын кожоюндары мага ишеним артып, “бизге кылмыш козголбосун, элден эптеп кутулалы, баарын иретке келтирип бериңиз” – дешти. Мен аларга өзүмдүн иштөө моделимди сунуштадым. Абдан тажрыйбалуу адиске каржылык аудит жүргүздүрдүм. Компаниянын чоо-жайын иликтеп көрсөк мындай болуптур: Компания өзү 2014-жылы каттоого алынып, ачылыптыр. Курулуш жүрүп жаткан жер тилкесинин аянты 50 сотых экен, аны Алыбаева Чолпон деген айымдан 250 миң долларга баалашып сатып алышат, бирок, толук бербестен 100 миңин гана беришип, калган акчасын да өз учурунда бербей, созуп коюшуптур. Ушундан улам ал жер тилекси сот аркылуу камакка алынат. Бул компаниянын кожоюндары үй алабыз дешкен адамдардан жана бир фирмадан 5-6 айдын ичинде жалпысынан 480 миң доллар чогултушуптур. 480 миң доллардын 90 миңин фундаментке сарпташып, ошону менен курулуш уланбай токтоп калат. Айтор, үйдү убагында бүтүрбөй, же элге акчасын кайтарып беришпей жүрө беришкен.

Ошондой эле каржылык эсептер да, компаниянын кеңсесиндеги мебелдер да ижара акысын 3-4 айлап төлөбөй койгону үчүн арестке коюлуптур. Акчаларын алдаткан эл компаниянын Ибраимов – Жибек-Жолундагы кеңсесине келип акчаларын доолап: “Сотко, прессага беребиз” – деп күндө келип жатышкан. Алардын арасынан бир пенсиядагы адам компаниялардын кожоюндарынын мыйзамсыз иштерин ЖМКга жазам деп коркутуп, акчасын кайтарып алыптыр. Калгандары ала албай жүрүшкөн.

Эки печать менен иш алып барылган экен. Бирок 2015-жылы иши жүрбөй токтоп калган. Бул учурда башкы директор, бухгалтер 3 жолу алмашыптыр. Берки прорабдардан канча алмашканы айтпай эле коёоюн. Текшерүүнүн жыйынтыгында элден чогулган 300 миң доллардай акчанын орду жок экени аныкталып, ал акчанын 248 миң долларын жана 213 миң сомун Швецовдун моюнуна илинген. Мына ушунун баары ачыкка чыккандан кийин Калиев баштаган адамдар “Курулуш компаниябызга директор болуңуз, бизге жардам бериңиз”-дешти.

Мага Швецов «Адвекс Стройдун» өнөктөшү «Галарт Групп» компаниясындагы 33 пайыз үлүшүн берди. Андан тышкары, элдин карызынан кутулуу үчүн Ыссык Көлдүн Чон Сары Ой айылындагы 3.7 гектар жерин “Адвекс Стройго” өткөрдү. Мен Швецовду, Калиевди, Сапарбаевди элге болгон  карыздарынан кутулттум.

—Баарын иретке келтирип, карыздардан кутултуп, компаниянын ишин алдыга жүргүзүп коюпсуз. Бирок Калиев Болоткан бул нерсеге эмнеге ыраазы эмес. Анын койгон талаптары эмне болуп жатат?

—Анын каалаганы акча жана акча экен. Ал менден «компанияга баланча миң доллар сарптагам» – деп эле менден акча сурап, жанымды койбоду. Ал тургай коркутуп үркүтүүгө да барды. Мен ага жалпысынан 2 миллион сом жана 44 600 доллар бердим. Дагы 130 миң доллар бересиң деп доолап жатат. Компаниянын курулушуна ошончо акча сарптаганына жетиштүү далил жок. Макул, киргизди дейли, бирок ошончо чоң акча кайсы ишке жумшалган? Жооп жок болуп жатпайбы. Болгону 90 миңи фундаментке сарпталган, жердин ээсине 100 мин доллар берген. Жердин ээси Алыбаева Чолпонго да калган 150 миң долларды мен төлөп жатам. Анан элге карыз болгон акчасын баятан бери айтып жатабыз. Анан мен Швецовдун жер тилкесин күрөөгө коёлу дедим. Ал пайдасын ойлоп жатып, акыры макул болду. Анын жер тилкесин «Бакай банкка» күрөөгө койдук. Банк ал жерди адаттагыдай базар баасынан төмөндөтүп 1 миллион 150 миң долларга баалаган. Биринчи траншта 516 миң доллар алып, курулуш ишин жандандырдык да. Бирок ошондо да ал мага келип, тапанчасын алып чыгып, коркутуп жатып, 45 миң доллар алып кеткен. Дагы бир кызыгы, Калиев Швецовдун жерин алгач өзүнө, андан кийин аялы А. Жапарбековага, андан алып кайра карындашы Калиева Нүргүлгө каттатып коюптур.

– Сиздер 516 миң долларды курулушка сарптадыңыздар да. Үйдүн курулушу бүтүп калдыбы?

—Ооба. Бирок баары эмес. Жогоруда айтпадымбы, анын 45 миң долларын да Калиев коркутуп жатып алып кеткен деп. Ал өзүн көтөрүп сүйлөсө укмуш сүйлөйт. ИИМ дагы, Финпол дагы менин колумда деп. Учурда курулуш 90 пайыздан ашык бүтүп калды десек болот. Үйлүү болууну каалашкан 163 адамга ал көп кабаттуу үйдөгү батирлерди сатканбыз. Бирок батирлердин баары азырынча накталай акча менен сатылган жок. 163 адам тең банк аркылуу насыя жолу менен мүмкүнчүлүктөрүнө жараша акырындан төлөп жатышат. Биз аларга банк аркылуу жакшы, ыңгайлуу шарт түзүп бергенге аракет кылдык.

Булак: “Багыт

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: