Menu

Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу Екатеринбургда жашаган кыргыз мекендештер менен биргеликте түлөө өткөрүштү

Бөлүшүү:

27-августта Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарында жашаган кыргыз мекендештери менен биргеликте түлөө өткөрүштү.
Иш-чарага диаспоралык жана жердештер уюмдарынын аксакалдары, лидерлери менен активисттери, студентер, жаштар катышты.
Мусулмандардын дин өкүлү коронавирустук инфекциядан кайтыш болгондордун арбагына багыштап куран окуп, мекендештердин дени сак жана бакубат жашоодо болушун тилек кылды.
Башкы консул Руслан Бийбосунов пандемия учурунда жакындарынан жана туугандарынан айрылгандарга көңүл айтып, дарттан айыккандардын ден-соолугу тезирээк калыбына келишин каалады.  Ошондой эле Россиянын Урал федералдык округунда жүргөн мекендештерге убактылуу кыйынчылыктарга моюн сунбай, жарандык жоопкерчилигин, биримдигин жана ынтымагын көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Р.Бийбосунов кыйын учурда башкы консулдук менен биргеликте өтө муктаж болуп турган жарандарга материалдык жана башка жактан колдоо көрсөткөн, жумушсуздарды ишке орноштурууга кол кабыш кылган, Кыргызстандын медициналык мекемелерине биргелешип гуманитардык жардам көрсөткөн, өтө муктаж болгондорду Мекенине чартердик рейс менен жөнөтүү үчүн тизмелерди түзүүгө жардамдашкан мекендештерге ыраазычылык билдирди. Башкы консул мекендештерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы менен куттуктап, бардыгына бекем ден-соолук, иштерине ийгилик жана бакубат жашоо каалады. Өтө муктаж болгон жарандарга берүү үчүн материалдык жардам топтоого жана аны таратууга активдүү катышкандарга Башкы консулдуктун ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө диаспоралык уюмдардын аксакалдары менен лидерлери да чыгып сөз сүйлөштү. Башкы консулдуктун кызматкерлери парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү, консулдук мекемеге караштуу участкалык шайлоо комиссиясынын ишмердиги жөнүндө маалымат беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: