Menu

Ушул жылдын март айынан бери Бишкектен Алматыга биринчи рейс учуп кетти

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-сентябрда Бишкектен Алматыга учак учуп кетти. Бул ушул жылдын март айынан бери жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча биринчи рейс.

Маалыматка ылайык, учактын кире беришинде жүргүнчүлөрдүн ПЦР тестинин справкасын текшеришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Казакстан менен авиакаттамдарды калыбына келтиргени кабарланган. Ага ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын авиация бийлигинин ортосундагы келишимдердин алкагында, ушул жылдын 20-сентябрынан тартып эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдар жанданат.

Алматы – Бишкек – ​​Алматы каттамы “Эйр Астана” тарабынан жумасына эки жолу – шейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: