“Апрель айында Баткен жана Ош облустук бажынын башчыларынын кабинеттеринен тымызын орнотулган тыңшоочу аппараттар табылган. Мамлекеттик кызматкерлерди ким мыйзамсыз, тымызын тыңшаган? Эмне үчүн бул факты иликтенип, кылмыш иши козголгон жок?”, – деп сурады бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин отурумунда депутат Мирлан Жээнчороев Генпрокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып.
“Биздин Жогорку Кеңеште да тез-тез эле тымызын орнотулган тыңшоочу аппараттар табылып калат. Бирок ага карата эч кандай чаралар көрүлбөй калууда. Мындай учурларда укук коргоо органдары тыкыр иликтөөгө алып, күнөөлүүлөрдү таап, катуу чараларды көрүш керек. Муну сиз өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алыңыз”, – деди Мирлан Жээнчороев генпрокурорго.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ