Menu

АКШ Конгресси Орусия компаниялары жана жарандары үчүн санкцияны жактырды

Бөлүшүү:

Конгрессмендер Орусиядан тышкары Иран жана Түндүк Корея боюнча да бир катар санкциялар куржунун жактырды.

Мыйзамга 419 конгрессмен макул деген добуш берип, үчөө каршы чыкты. Бул билл менен Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна, Украинанын чыгышындагы аракеттерине жана АКШдагы президенттик шайлоого орусиялык хакерлердин кийлигишүүсүнө байланыштуу президенттин жардыгы менен киргизилген санкциялар мыйзамдуу күчкө ээ болот.

Ошондой эле Конгресс президентти айрым орусиялык жарандарга карата “адамдардын жана демократиялык институттардын киберкоопсуздугуна коркунуч келтирген иш-аракеттери үчүн” санкция киргизүүгө милдеттендирди.

Мыйзам долбооруна Конгресс Ак үйдүн санкцияларды өзгөртүү же жумшартуу аракеттерин жаап кое алары тууралуу жобо кошо тиркелди. Келечекте санкциялар боюнча бардык чечимдер Конгресстин кароосунан өтө турган болду.

Бул мыйзам долбоору эми эки ай мурун кабыл алынган Сенаттын версиясы менен макулдашылууга тийиш. Мыйзамдын акыркы долбоору президент Трамптын колуна август айынын экинчи жарымында тиери күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: