Menu

ЖК Төрагасынын орун басары А.Өмүрбекова Франция Сенатынын депутаттары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Франция Сенатынын депутаттары менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу маселелелерин талкуулады. Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы билдирет.

Төраганын орун басары Алтынай Өмүрбекова эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгонун белгилеп: “Кыргызстандын тышкы саясатында Франция мамлекети өзгөчө орунда турат. Айрыкча, мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеӊейтүүдө парламенттик достук топторунун тыгыз байланышы өтө зарыл”,-деди.

Ошондой эле кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берген Алтынай Өмүрбекова: “Парламенттик демократиялык жолду тандап алган Кыргызстанда акыркы жылдары жетишкендиктер арбын. Алсак, биометрикалык маалыматтарга негизделген шайлоо өнөктүгү калыптанып, мурдагыдай добуштарды бурмалоо аракетине бөгөт коюлду. Андыктан, бул жааттагы ийгиликтерди улантуу менен быйыл өтө турган Президенттик шайлоону таза жана акыйкат өткөрүп алуу башкы максатыбыз. Биз аталган маанилүү иш-чарага Франциянын да өкүлдөрүнүн байкоочу катары катышуусуна кызыкдарбыз” – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Сенат депутаты, “Франция-Борбор Азия” парламенттер аралык достук тобунун президенти Ив Поццо ди Борго жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басарына ыраазычылык билдирип: “Франция парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстандагы, биометрикалык маалыматтарга негизделип өткөрүлгөн шайлоо өнөктүктөрүн жогорку жетишкен катары баалайт”, – деди. Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтыкты саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта  улантуу зарылчылыгын белгилеген Ив Поццо ди Борго  эл аралык терроризм сыяктуу коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү зарылчылыгына да токтолду.

Жолугушуунун соӊунда Ив Поццо ди Борго  Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбековага Франция Сенатынын атынан эстелик белек тапшырды.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Франция Сенатынын депутаттары Кристофф-Андре Фрасса, Андре Рейшар жана аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: