Бүгүн, 8-майда Талас облусундагы вирусологиялык лаборатория даяр болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, эртеңден баштап Талас облусунда вирусологиялык изилдөөлөр жүрөт.
“Бүгүнкү күнгө чейин анализдерде Бишкекке алып келип, текшерип жатканбыз. Бүгүн болсо, лабораторияны жеринде ачып жатабыз. “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунан өтүп жаткан бардык жарандар жеринен текшерилет” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ