Menu

Чолпон Жакупова “азыркы депутаттардын 95%ы бийликке жатып берди” деп чыркыраган чындыкты бетке айткан

Бөлүшүү:

Эки жүздүүлүк менен карөзгөйлүк, шылуундук менен шумпайлыктын арааны жүргөндө адилеттик, чынчылдык, ыймандуулук сыяктуу улуу касиеттер жоголгон сыяктуу эле азыркы жалаң өзүн ойлоп, элди эсинен чыгарган кыргыз бийлиги менен парламентинде ыймандуу адамдарга иштөө кыйын эле болууда. Адардын бири “Бир бол” партиясынын депутаты Чолпон Жакупова болчу. Өткөндө оппозициянын курултайында да трибу­нага чыгып сүйлөп, бул айым “азыркы депутаттардын 95%ы бийликке жатып берди”,- деп чыркыраган чындыкты бетке айткан болчу. Эми чөөлөрдун арасына түшүп калган койдой өзүн ыңгайсыз сезген де­путат айым эркек депутаттарга окшоп бийликке “жатып бергенче” ыйманы менен уятын жогору коюп, 1-январда мандатын тапшыра тургандыгын билдирди. Констатуцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөн кезде ага айрым саясатчылар жана депутаттар каршы чыккан. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова эгер рефе­рендум өтүп, Баш мыйзам өзгөрсө, мандатын тапшырарын билдиргендиги дайын болчу. Эми ал “эркекче” сөзүнө туруп, депутаттык менен кош айтышууда. Бал­ким, туура эле кадам жасагандыр…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: