Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кечилишинде жайгашкан жер алды менен өтмөктө иштеген жумушчулардын бири 5 жыл бою тепкичтин астындагы аянтчага заарасы куюлган желим бөтөлкөлөрдү тизип ката берген. Бул туурасында АКИпресске Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун бассары Койчугул Ибраимов билдирген.
Учурда өтмөктө ремонт иштери жүрүүдө. Орун басардын айтымында иштин жүрүшүндө, заарага толгон бөтөлкөлөрдү алып чыгуу үчүн 3 жүк ташуучу автомашина керектелген.
“Мунун баары ошол жумушчунун уятында. Эгерде ал кийин кайра ошол ордун ишкердик үчүн ремонттон кийин кайра сурай турган болсо, бербей койсо болот. Бирок аны ММБ чечет, арендага ошолор беришет”, – деди К. Ибраимов.
Андан сырткары, ошол курулушта иштеп жаткан адамдын айтымында, дагы бир жүк ташуучу машиненин жардамы менен ошол эле уятсыз ишкердин таштандылары чыгарылган.
Учурда шаардык бийлик тарабынан жер алдындагы өтмөккө даараткана уюштуруу планы иштелүүдө.
akipress.org сайтынан кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ