Menu

Чубактын кунундай чубалган НДС боюнча соттук ишке чечим чыкты

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коррупция»; «Салыктан качуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча айыпталып жаткан 13 киши боюнча 5-августта өз өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, Замирбек Ниязалиев, Кубанычбек Кумашов, Арстанбек Мелсов, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Медетбек Рыскулов жана Максатбек Бекиров 11 жылга кесилди. Дильбара Боронбаева менен Баязит Азизбеков 14 жылга эркинен ажыратылды. Алмазбек Сагынбековго 13 жыл белгиленди. Султан Сабырбек уулу төрт жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Алишер Ишматовго үч жыл берилди. Булардын жаза мөөнөтү кармалган күндөн баштап эсептелет. 13 кишинин арасынан Арзыгул Омеркуловдун күнөөсү жок деп табылып, акталды. Тергөө учурундагы айыпталгандардын үй-мүлкү камакка алынган чечим өзгөртүлгөн жок. Азизбеков, Мэлсов, Сагынбеков, Кумашов, Боронбаева, Кенжебаев, Байгазиева, Бекиров, Рыскулов, Ниязалиев жана Сабырбек уулуна материалдык чыгым катары 310 млн. 281 147 сом
мамлекеттин пайдасына чегерилсин деген чечим чыкты. Ошондой эле чечим менен Азизбеков жана Ишматовдон 239 млн. 183 598 сом мамлекеттин пайдасына чегерилмекчи.

Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМК атайын операциянын негизинде чет өлкөлүк жалган фирмалардын жасалма документтерин жана мөөрлөрүн таап, аталган кыңыр иште мамлекеттик бюджет 600 млн. сомдон ашуун зыян тартканын аныктаган. Тагыраагы, «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларынын жетекчилери салык жана бажы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өлкө бюджетинен 393 млн. сомду мыйзамсыз алышкан, мындан тышкары 239 млн. сомдон ашуун салык төлөшкөн эмес. Бул иш боюнча 13 кишиге кылмыш иши козголуп, алардын ичинде Мамлекеттик салы кызматынын алты, Мамлекеттик кызматынын үч кызматкери колго түшүрүлгөн.
Аларга «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. Бир жылдан ашык мөөнөт чоюлуп келип, акыры чечим чыкты.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: