Алардын айтымында, спортчулар велосипед менен машыгуу үчүн “Манас” аэропортуна бара жаткан жолго чыгышкан.
“Унааны катуу ылдамдыкта айдаган мас айдоочу аларды сүзүп кеткен. Илья Сидоров окуя болгон жерде каза болгон. Евгений Требунский тез жардам кызматынын унаасында ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган” – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, алар мурда велоспорт менен алектенип, Советтер Союзунун учурунда, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин көптөгөн мелдештерде жеңишке жетишкен. Илья Сидоров – СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский – Кыргыз Республикасынын спорт чебери.
Белгилей кетсек, кырсык бүгүн, 30-июнда болжол менен саат 10:00дө болгон. Анын кесепетинен эки велосипедчен адам жабыркап, каза болушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ