Menu

Жол кире 15 сом болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Бишкекте коомдук транспортко жол кирени электрондук негизде төлөө боюнча долбоордун негизги документтери бүттү. Учурда документ тиешелүү министрликтер менен макулдашуу үчүн экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов билдирди. Анын айтымында, долбоорду даярдоо үчүн кеңешчилер Европа өнүктүрүү банкынын колдоосу менен тартылган. Эми документин негизинде тендер уюштурулат.

«Транспорттук карточка чыгарылат. Анда 5 категория боюнча жеңилдиктер каралган. Алар: пенсионерлер, майыптар, почтачылар жана башка адамдар. Жеңилдетилген карточка бекер берилет жана анын ээлери коомдук транспортто акысыз жүрүшөт. Система ишке кирсе коомдук транспортто канча киши бекер жүргөнү аныкталат. Системамындан сырткары коопсуздукту да камсыз кылат. Анткени айдоочу накталай акча алганда жолдон алаксып калууда», — дейт Атыканов.

Маалыматка ылайык, долбоордо маршруттук таксилер да каралган.

«Жеке ишкер пайда көрбөсө иштей албайт. Андыктан инвесторго да атайын тариф каралат. Коомдук транспортту аз колдонгондор кош тариф менен төлөп калат. Тескерисинче коомдук унааларды көп пайдалангандар азыраак төлөйт. Фирмалар жол кире 15 сом болсун деп жатышат», — дейт Атыканов.

Ал белгилегендей, автобустардын жол киресин көтөрүү боюнча дагы сунуштары бар. Бул жөнүндө Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы учурда анализ жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгында бул маселе шаардык кеңеште талкууланып, чечим кабыл алынат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: