Menu

Он сегиз миң ааламдан өлбөй тирүү ким калган?

Бөлүшүү:

Редакциябыздын ыр куржунуна төмөндөгү куплеттер келип түштү. Тамаша-чыны аралаш бул ыр саптары окурманды кайдыгер калтырбаса керек. Эмесе чогуу тыңдап, би-ир черди жазып алалы.

Бөкөнбай
Боркеевге!
Манастап ураан чакырган,
Акчаң болсо калайык,
“Аянба!” деп бакырган.
Тердеп көп жыл жем жеген,
Теле деген акырдан.
Кара далы калтырбай,
“Соопчулук” көп кылып,
Сокур айгыр атынган.
Кекечтенип сүйлөгөн,
Келгенди сыртка сүйрөгөн.
Бөлөктү саап, “жүр” деген,
Бөлө куйбай жүрбөгөн.
Бөркү дайым табында,
Бөксөсү жок гүлдөгөн.
Бөтөлкө көркүн чыгарып,
Бөкөнбай өтөөр дүйнөдөн.

Шайлообек
Дүйшеевге!
Акындыгы Ат-Башы,
Адамдыгы кичине.
Таланты Талас, а бирок,
Таруу батпайт ичине.
Жазганы жалын, өзү пок,
Жарыгы тийбейт кишиге.
Кээрдүү кесир сүйлөгөн,
Кек сактабай жүрбөгөн.
Кышылдап онтоп сүйлөгөн,
Кыргызды анча сүйбөгөн.
Кыйды жетим Шайлообек,
Кыйылып өтөөр дүйнөдөн.
Акынбек Аккулиев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: