Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев баңгизаттын жеңил түрүн мыйзамдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, ушундай жол менен күч структураларындагы коррупцияны азайтууга болот.
“Мен эрте менен дүйнө жаңылыктарын окудум. АКШда федералдык деңгээлде баңгизаттын жеңил түрүн декриминалдаштыруу чечимин кабыл алышыптыр.
Эртеби-кечпи биз да буга келебиз деп ойлойм. Биз мыйзамдаштырбасак, милиция кара куурайды колдонгондордун эсебинен мыйзамсыз акча табат”, – деди Дастан Бекешев.
Белгилей кетсек, буга чейин БУУ комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.
Белгиленгендей, 2019-жылдын январь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кара куурайдын жана ага байланыштуу заттардын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарды жөнөткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ