Menu

Сеид Атамбаев: “Чыныбай Акунович өзүнө козголгон кылмыш иштери, анын ичинде пансионат боюнча кызына козголгон кылмыш иши жөнүндө да айткан”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид ЖКнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдайдын айыптоолоруна жооп берди. Сеид Атамбаев билдирүүсүн Fecebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Сеид Атамбаев Айдай Турсунбековага дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтып, өзүнүн буга чейин айткандары жалган эместигин билдирди.

“Чыныбай Акуновичтин социал-демократтарды колдойм дегени калп эмес, ал буга чейин бул тууралу КСДПнын төрагасы Анвар Артыковго да жеке өзү айткан, андан кийин улуттук госпиталда жатканда депутат Ирина Карамушкинага да айткан.

Балким, Чыныбай Акунович үй-бүлөсүн саясаттан коргогусу келип, болуп жаткан окуялар жөнүндө аз сүйлөгөндүр. Балким, ушул себептен жакын туугандары дагы анын жакшы иштерин билишпейт” – дейт Сеид Атамбаев.

“Чыныбай Акунович өзүнө козголгон кылмыш иштери, анын ичинде пансионат боюнча кызына козголгон кылмыш иши жөнүндө да айткандыгын моюнга алышым керек, балким, сөз сиз жөнүндө болгондур. Мен сизди аябай түшүнөм, эч качан таарынбайм!” – деп Сеид Атамбаев Айдай Турсунбековага кайрылды.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер экс-спикер Чыныбай Турсунбеков пневмониядан каза болгон күнү “Чыныбай Акунович биздин “Кыргызстан социал-демократтар” партиясын тымызын колдоп келди жана жакында биздин партияга кошула тургандыгын жарыялоого даярданып жаткан” жазып чыккан.

Бул билдирүүлөрдү Айдай Турсунбекова четке кагып, Сеид Атамбаевдин айткандарынын баары жалган деген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: