Menu

2-марттагы провокаторлор Кой-Таштан түшкөндөрбү?

Бөлүшүү:

Жаз мезгили келери менен борбор калаада абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышын талап кылган митинг өтүп, анын аягы провокаторлордун азгырыгын ээрчиген эл милициянын куугунтугунда калып, окумуштуу-саясатчы Каныбек Осмоналиевдин камалышы менен бүткөн. Азыр элди ээрчитип, Ак үйдү көздөй агыткан провокаторлордун бири да камалбаганы кызык. Мындай провокация митинг пландалып жатканда эле атайын түзүлгөн топтун дыкат иштелип чыккан планы болгону эми белгилүү болуп жатат. 30-35 жашка чейин жигиттер Садыр Жапаровду коргоо комитетинин штабына барышып, “Силер тынчтык митинг кылып олтура бересиңерби? Мунуңар жарабайт. Биз Кой-Таш тараптан курал менен түшөбүз. Силер колуңарга лопатканын союлун алып туруп берсеңер болду. Буларды курал менен талкалаш керек…” деп опурулуп кеткени, биринчи келгенде өзүн Садыкбаев Эрмек деп тааныштырса, экинчи күнү Абрахманов Эрмек деп тааныштырган жигитти штабдагылар сүрөткө тартып, аны атайын кызматтагыларга берип, чагым уюштуруп, чогулган элге курал менен келе турганын билдиришкен экен. Эмне үчүн ушул кезге чейин атайын кызматтар курал менен тынч жаткан элге бүлүк салгысы келгендерди таппай жатат? Өздөрү дагы аралашкан эмеспи? Митинг учурунда дагы “Силер жалгыз эле Садыр деп айта бересиңерби? Эмне үчүн Атамбаевди чыгарууну айтпайсыңар” деген жигитти, митингдин уюштуруучулары “Сага окшогон чагымчыга бул жерде орун жок. Атамбаевди бул бийлик туура камады…” деп элден кууп чыкканы боюнча эмнеге иликтөө жүрбөйт? Куралдуу төңкөрүштү көздөгөндөрдүн ою ачык айтылып жаткан соң, атайын кызмат уктап жатпастан чара көрүшү керек… Опумбаев мырза качан ойгонот деги?.. Мурунку бийликтен ыдык көргөндөр азыркы бийликке азуусун матырганга маш болуп турганы калппы? Ошол эле митингде Атамбаевдин каарына калып, сыз түрмөдө олтуруп чыккан партбосстун адамдары чогулган эл бийликке чабуул койсо экен деп, өз кишилерин элдин агымын байкоо үчүн чалгынга жөнөтүп, өздөрү кийинки кадамды талкуулаганы жалганбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: