Москвада 21 жаштагы Кыргыз жаранын поезд сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диоспарасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Маалыматка караганда, 5-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында Москва шаарында 21 жаштагы Садырбай уулу Улукбек жумушунан чыгып “Белорусский” вокзалындагы темир жолдон өтүүчү өтмөктөн өтүп баратканда поезд сүзүп кеткен. Ал ошол замат тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, бирок кан көп кетип каза болуп калган. Учурда маркумдун сөөгү Москвадагы №5 өлүк сактоочу жайда турат.
“Маркум 1997-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган Садырбай уулу Улукбек аттуу жаран экендиги аныкталды. Атасы кайтыш болуп, ал эжеси жана апасы менен эл катары Москвага иштегени келген экен. Учурда маркумдун сөөгүн жөнөтүүгө Орусиядагы мекендештер тарабынан каражат чогултулууда”,- деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ