Быйыл Шымкент шаары менен Түркстан облусунда ВИЧ жуктурган 57 кош бойлуу аял катталса, алардын 44ү төрөдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына Шымкент шаардык СПИД менен күрөшүү башкармалыгынын башкы дарыгеринин орун басары Кожахмет Маширов билдирди.
Анын айтымында, каттоодогу аялдардын бири эгиз төрөгөн. Балдар өздөрүн жакшы сезүүдө, ВИЧ жуктурушкан эмес.
Маширов акыркы үч жылда аймакта ВИЧ жуктурган аялдардан 535 ымыркай жарык дүйнөгө келгенин айтты. Балдар төрөлгөндөн кийин атайын каттоого алынып, бир жарым жыл дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Учурда 535 бөбөктүн 320сы каттоодон чыгарылды. Дагы 15 баладан ВИЧ илдети табылган. Калгандары медициналык көзөмөлдө.
Дарыгердин айтымында, аялдар кош бойлуу кезде бейтапканага келбей, убагында дары ичпегени үчүн балдарына илдет жугузушкан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ