Menu

Хорогдуктар кайрадан митингге чыгат

Бөлүшүү:

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында митинг өткөргөн жарандар тарап, бирок үч күндөн кийин кайра нааразылык акциясына чыга тургандыктарын билдиришти. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтин басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков билдирди.

«Митингге чыккандар талаптар үч күндүн ичинде каралары айтылгандан кийин тарап кетишти. Бирок үч күндөн кийин кайра чогула тургандыктарын айтышты. Алар шаардагы милиция тосмолорун алууну жана 5-ноябрга оогон түнү тургундарга ок аткандарды жазалоону талап кылышууда», — деди басма сөз катчы.

Анын айтымында, чогулгандардын алдына чыккан автоном облустун башчысы Ёдгор Файзов окуяны атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия иликтеп жатканын айтып, бирок милиция тосмолору Хорогдогу мыйзамдуулук менен тартипти сактоо үчүн алынбастыгын билдирген.

6-ноябрь күнү эртең менен жүздөн ашык киши Хорог шаарынын администрациясынын алдына чогулуп, түндө элге ок аткан милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. 5-ноябрдын түнүндө милиция кызматкери травматикалык тапанчадан ок атканда жергиликтүү үч тургун жеңил жараат алган.

Буга чейин Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы коопсуздукту камсыздоо боюнча мекемелер аралык штаб Хорогдогу окуяга жергиликтүү жаштардын бейрасмий лидери Хурсанд Мазоровду айыптаган. Штабдын маалыматы боюнча 5-ноябрга оогон түнү Хурсанд Мазоров жетектеген топ шаардын борборундагы милиция тосмосунун ишине тоскоолдук кылууга аракет кылып, МАИ постунун башчысынын унаасына кол салган. «Милициянын офицери аларга карата травматикалык куралдан ок атууга аргасыз болгон», — деп жазылган Мекемелер аралык штабдын билдирүүсүндө.

Сентябрда аймакка президент Эмомали Рахмон барып, жергиликтүү бийликти катуу сынга алган. Президент кеткенден кийин Хорогго кирген-чыккан шектүү автоунааларды текшерген тогуз пост коюлган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: