Абылгазиевди көпчүлүк жинденбеген, анчалык чечкинсиз адам катары баалап келишет. Бирок өкмөт акеңер деле кээде жыйындарда катуу сүйлөп, айрымдарды зекип койгонго жарайт. Маселен, ал өкмөт жыйынында чет мамлекетке узак сапарга чыгып жаткан өкмөт өкүлдөрүн тилдеди. Көрсө, өкмөттүн айрым өкүлдөрү, так айтканда министрлер жана алардын орун басарлары чет мамлекеттерге 20 күн бою командировкалашат экен. Кыска убакыттын ичинде эле өкмөттүн мүчөлөрү чет мамлекеттерге жалпысынан 400 иш сапарга чыгышыптыр. Мына ушул маселе Абылгазиевдин ачуусун келтириптир. Бул иш сапарлардын чыгымынын көбүн чакырган тарап төлөгөнү, азыраагы мамлекеттик бюджеттен кеткени айтылды. Эми бул жагы анчалык деле так эмес болсо керек. Себеби, быйыл мамлекеттик бюджеттен чет мамлекетке болгон иш-чараларга эле 700 миллион сом каралган. Бул эми бюджети тешик биздин мамлекет үчүн чоң каражат. Же атка минерлер чет мамлекетке ошончо саякатташканы менен пайда алып келбеген соң, мындай ашыкча чыгымдарды катуу көзөмөлгө алуу зарыл.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ