Menu

Тажикстанда ууланып каза болгон соттолуучулардын сөөгү жерге берилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Согди облусунда ууланып каза болгон соттолуучулардын сөөгү коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта жерге берилди. Журналисттердин тажияга катышуусуна жана каза тапкандардын туугандары менен сүйлөшүүсүнө уруксат берилген жок.

Окуя 7-июлда соттолгон 128 кишини Душанбе, Нурек жана Яван колонияларына которуу учурунда болгон. Өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, соттолуучулар нан жегенден кийин өздөрүн жаман сезе баштап, жыйынтыгында 14ү каза тапкан.

«Эркин Европа» радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, 8-июлда каза болгондордун сөөгү аз адамдын катышуусунда жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч түзүм кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү.

Бийлик өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаганын билдирди.

Ал ортодо социалдык түйүндөрдө ууланып каза болду делген камактагылардын биринин бети көгөргөн сүрөттөрү жарыяланды. Азырынча бул сүрөттөрдүн аныктыгын көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн боло элек.

Белгилүү тажик дарыгери адам нанга ууланышы мүмкүн экенин, бирок бул кээ бир учурларда гана өлүмгө алып келе турганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: