Menu

Таалатбек Масадыков: “Эми кыргыздар “Таблиги жамаат”, “Салафит”, “Вахабит” болуп бөлүнсөк, кайда барабыз?!”

Бөлүшүү:

Масадыков Таалатбек Шамудинович 1961-жылы Фрунзе (Бишкек) шарында туулган. 1978-жылы орто мектепти бүтүп, РФнын Москва шаарындагы Эл аралык мамилелер институтуна студент болуп окууга кирген. Аталган институтту ийгиликтүү аяктап, 1984-жылы Советтик Армиянын катарында 2 (эки жыл) кызмат өтөп, атайын Аскер Академиясында сабак берген, 1986-жылдан баштап СССРдин Тышкы иштер министрлигинин системасында дипломатиялык багытта чет мамлекеттерде иштеген. 1988–1990-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн. 1995–1997-жылдары Кыргызстанга келип, Бишкектеги Америкалык Университетинде окутуучу болуп иштеген. 1999–2002 жылдары Улуу Британиянын Лондон шаарында Докторантурадан билим алган. 2002–2014-жылдары Афганистан, Пакистан, Иран боюнча БУУнун өкүлү болуп эмгектенген. Филология илимдеринин доктору. Профессор. Эл аралык терроризм, согуш жана согуштун алдын алып болтурбоо боюнча көзкарандысыз эксперт.

— Таалатбек мырза, сиз профессионал адис катары айтсаңыз, бүгүнкү күндө абдан активдешип бараткан эл аралык терроризм боюнча Кыргызстандын орду кандай?

— Кыргызстандын жараны болгондон кийин кандай жерде иштебейли, кайсыл мамлекетте жүрбөйлү дайыма өз Мекениңди, туулуп-өскөн жериңди ойлоп жүрөсүң. Менин Кыргызстанга кайтып келгенимдин себеби да, бүгүнкү татаал шартта Кыргызстанга жардамым тиер бекен, эл аралык кызматташуулардан алган тажрыйбамды өз мамлекетиме жумшап жардам берсем деген ниет менен келдим. Эл аралык терроризм маселеси Борбордук Азия мамлекеттеринде өтө оор, кооптуу абалды жаратууда. Учурда Афганистан менен чектеш Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан абдан оор кырдаалда турат. Андан кийин Кыргызстан менен Казакстандын абалы да татаал шартта. Афганистанда болуп жаткан Эл аралык терроризмдин кесепеттерин медиа каражаттары жеткиликтүү чагылдырбай келүүдө.

Афганистандагы терроризмдин негативдүү кесепеттери биздин мамлекетке чейин келип жетти. Жеке эле Кыргызстандын эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин эл аралык терроризмге каршы тура турган мүмкүнчүлүгү жок. Коопсуздук комитети дейбизби, чек ара тозоттору дейбизби, коргонуу коопсуздук кеңеши дейбизби алардын баарынын эл аралык терроризм менен күрөшүүгө даярдыгы жетишсиз. Даярдыгы бар деп айтылганы менен, бул структураларда иштеген адистердин профессионалдуулугу жетишпейт. Заманбап техникалык каражаттары тартыш. Ошондуктан жетишээрлик даярдыктар жок деп айтаар элем.

Маселен, мен БУУнун структурасында иштеп жатканда эс алууга келген учурларда да Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, БУУнун структурасында жасалып жаткан иш тажрыйбабызды бөлүшүп, пикир алышууга чакырсак да Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, өкмөт башчылары анчейин этибарга алчу эмес. Бүгүн деле ошондой эле көрүнүш. КРнын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп пикир алышсаң баары: “Сиз абдан туура айтып жатасыз…”- деп сөз жүзүндө аябай кооптонгонун билдиришет. А реалдуу иш-аракети менен эл аралык терроризмдин алдын алып, болтурбоого чара көрүп, аракет жасаган кызматкерлерди кезиктирүү абдан кыйынга турат. Алар, “бизге чейин ортодо Тажикстан турат, алардан өтүп келгенче Кудай сактасын”- деген сокур түшүнүк менен жашап келе жатканы байкалат.

Бүгүнкү күндө Эл аралык терроризм кандай тездик менен өнүгүп жатканын, алар кандай даярдыктардан өтүп, кандай техникалык каражаттар менен жабдылып жатканын, кандай бат, кандай ылдамдыкта жагдайды жарып жиберишин алар түшүнүшпөйт. Мен 13 (он үч) жылдын аралыгында Афганистан, Пакистанда болуп аткан террористтик актыларды өз көзүм менен көрүп, террористтик уюмдардын иш аракеттери менен толук таанышып келдим. Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен ошол тажрыйбабызды бөлүшүп, жардам берели деген ниетте кайрылып, күч түзүмдөрүнөн бизди колдогон бир да адам таппадык.

— Кыргызстандын ички жана сырткы коопсуздук маселеси учурда оор абалда экени айтылып келет. Ага өткөн бийлик өкүлдөрүн күнөөлөп отургандар да жок эмес. Бүгүн ошол маселени чечүү жолдору барбы?

— Албетте, бар. Өкмөт башчы мамлекеттин коопсуздугу жөнүндө ойлонуп, ошол багытта маселе көтөрүшү керек. Азыр карап көрсөңүз КРнын өкмөт башчысы, анын курамынын элге расмий айткан сөзү башка да, аткарган иши тап-такыр башка. Аны көрүп туруп: элди, мамлекетти ойлогон өкмөт башчы жок окшойт деген ойго келесиң. Мамлекеттин башына келген адам эң биринчи мамлекеттин тагдырын, элдин келечегин ойлошу керек. Жеке кызыкчылык болбошу керек ал адамда. Экинчи маселе тартип маселеси. Биринчи президентибиз А. Акаевдин учурунда демократияга көбүрөөк көңүл бурулуп, жакшы эле башталган эле. Мен эки жылдан бери Кыргызстанда жүрөм, демократия эмес, хаос, анархияны гана көрүп жатам. Бул демократия эмес. Муну анархия-деп айтууга болот. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы жүрүп жаткан анархияны мен эч бир мамлекеттерден көргөн эмесмин.

Кыргызстанды бүгүн Сомали мамлекетине же Африкадагы кичинекей мамлекеттерге салыштырууга болот. Анткени демократия деп эле ар бир адам, коомдук саясый уюмдар оюна келгенин жасай берсе, мамлекет башчыдан катардагы жаранга чейин мыйзам жөнүндө түшүнүгү болбосо анда ал мамлекеттин келечеги жок болот. Коопсуздук маселесин бир мамлекет жеке өзү чече албайт. Жакынкы коңшу мамлекеттер менен жолугуп, сүйлөшүп бирдиктүү келишимдин, мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде чечишибиз керек. Мен жакында Тажикстанга барып конференцияга катышып келдим. Ал жерде Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда Эл аралык терроризмге жана баңги заттарга каршы күрөшүү маселеси боюнча конференция болду. Конференциянын катышуучулары 15–20 жыл мурдагы даярдалган докладдарынын датасын гана алмаштырып окуп коюп тарап кетишти. Өзгөчө авторитардык режим өкүм сүргөн мамлекеттердин өкүлдөрү президенттик аппараттын кызматкерлери эмнени жазып берсе ошону гана окуп коюп, башка бир да ой-пикир айтпай чыгып кетишти. Конференция-деген атайын профессионал адистердин жыйыны. Адистер чогулуп, маселени чечүүнүн жолдорун ачык издеши керек. Ага мамлекет башчылары уруксат бериши кажет.

Маселен Кыргызстандын кошуналары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан. Бул мамлекеттердин башчылары деле атайын саммиттерде формалдуу жолугушуп, ар кимиси өзүнүн мамлекетинин гана коопсуздугун ойлоп тарап кетишүүдө. Эгерде бир маселе чечкенде буга чейин көрүнмөк. Өзбекстан өзүнчө мыйзамдын катуулугу менен өзүнүн бекемдигин көрсөтүп келүүдө. Тажикстанда Өзбекстандан кем калбайбыз-деп өз коопсуздугуна кепилдик бергиси келет. Кыргызстан демократиясын айтып, ошону бетине кармап келет. Кытай боюнча сөз жок. Демек, андай формалдуу жолугушуулардын эч бир мамлекетке зарылчылыгы жок. Кол кармашып сүрөткө түшүп тарап кетип жатышат. Эл аралык терроризмди эч бир мамлекет жеке өзү чече албайт. Ал мүмкүн эмес. Бул маселени чечүүдө бир аймактагы мамлекеттер бирдиктүү келишимдин негизинде чечүүсү зарыл.

Эл аралык терроризм маселесин чечүүгө болот. Мамлекет башчы профессионал адистерге шарт түзүп, талапка жараша техникалар менен жабдып, ал структураны жетектеген күч органдарынын башына саясый эрки күчтүү, чечкиндүү, мыкты жетекчини дайындашы керек. Азыр атын атагысы келбеген УКМКнын профессионал кызматкерлери айтат: “Биз Коопсуздук Кеңешине атайын каттарды, билдирүүлөрдү жазуу түрүндө расмий жиберип турабыз. Бирок, тилекке каршы бир жолу да жооп ала элекпиз. Ага көңүл буруп, маани берген Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүн, же президенттик аппараттын кызматкерлерин да кезиктире элекпиз. Бизге жетиштүү каражат бөлүнбөйт…”- дешет. Демек, алардын айтканына ишенсек биздин мамлекеттин коопсуздугуна көңүл бурган эч ким жок экен. Мамлекеттин коопсуздугу оор шартта экен-деп түшүнсөк болот.

— Кыргызстандагы түрдүү диний секталардын расмий каттоодон өтүп өз ишмердүүлүгүн республиканын аймагында жүргүзүп жатканын кандай баалайсыз?

— Дин маселеси абдан орчундуу маселелердин бири. Мен өткөндө бир аксакал менен жолугушуп сүйлөшүп калсам, ал айтат: “Мен кыргыздын түпкү динин, теңирчиликти карманам, Кыргызстан “Евангелист,” “Баптист” сыяктуу ар кандай диний агымдарды расмий каттоодон өткөрүп,” биздин “Тенгриянствону” расмий каттоого тоскоолдук кылып жатышат…”- деп кейийт. Бул биздин мамлекеттин диний багытындагы анархиядан кабар берет. Кыргызстан, анын ичинде Кыргыз Эли Ислам дининин Ханафий масхабындагы сунниттербиз. Биздин жакшылык-жамандыгыбыз ушул салттуу Ислам дининин Куран китебинен алынган эрежелери боюнча жүргүзүлүп келе жатат. Аны моюнга алышыбыз керек.

А. Акаевдин мезгилинен бери Кыргызстан Орто-Азия мамлекеттериндеги жалгыз демократиялык мамлекет болгондуктан, бир гана биздин мамлекетте Ислам дининин “Таблиги жамаат” багытына уруксат берип койгон. “Таблиги жамаат”- тилектештер жамааты дегенди түшүндүрөт. Алар даават жолу менен, Мухамед пайгамбардын жолун жолдогон Ислам дининин жайылтуучулары болуп саналышат. Бүт кошуна мамлекеттерде “Таблиги жамаатка” тыюу салынган. Азыр ошол тыюу салынган мамлекеттердеги диний аалымдар, тилектеш адамдардын баары Кыргызстанга келип алышты. Андан кийин экинчи президент К. Бакиев дааватчылар көбөйүп кетти, эми буларга мечиттерди курууга уруксат берели деди. Ошентип мечиттерге уруксат берилип, дааватчылар мечиттерде өз ишин жүргүзүп келди. Андан кийин А. Атамбаевдин мезгилинде “Таблиги жамаатка” Кыргызстандын муфтияты толугу менен берилди…

Мен “Таблиги жамаат,” жаман деп айтпайм, же “Салафиттер,” “Вахабиттер” жаман дегенден алысмын. Бул маселени жети өлчөп бир кесе турган абдан жоопкерчиликтүү маселе. Ага уруксат берерден мурда диний аалымдардын кеңешин угуп, коопсуздук кеңешинде карап, парламентте ачык талкуулап, бир жыйынтыкка келип, анан уруксат бериши керек болчу. Мында бир маселе бар, даватчылардын борбору Пакистанда. Ошол Пакистандан окуп үйрөнгөндөрүн “Таблиги жамааттын” өкүлдөрү-даватчылар Кыргызстанга келип жайылтып жатышат. Аларга Пакистандан каражат бөлүнүп берилет. Алар азырынча дин чөйрөсүндө гана иш алып барууда, бийликке кийлигишип, саясатка аралаша элек. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин, Кыргызстандын калкынын бир канча пайызы “Таблиги жамааттын” мүчөсү болуп калган соң, Пакистандан каржылап, Ислам динин жайылтып жаткан жетекчилери Кыргызстандагы дааватчыларга буйрук берсе, алар кимди угат? Биздин президентти угабы же өзүлөрүнүн Пакистандан туруп каржылап жаткан “Таблиги жамааттын” башчысын угабы? Маселе мына ушунда…

Мындан бир топ жыл мурда Кыргызстандын түштүгүндө диний агымдар өнүгүп, мамлекетке баш ийбей калды-деген пикир айтылып калчу. Азыр республиканын түндүк аймагында Ислам дининин түрдүү агымдары жайылтыла баштады. Маселен Чүйдө, Ысык-Көлдө, Нарында, Таласта бир айылга эки, үч мечит куруп алышкан. Бири мурдагы эски мечит. Экинчиси жаңы мечит. Жаңы мечитти ким курду деп сурасаң, “Салафиттер” курганынан маалымат аласың. Демократия жаңыдан келгенде Кыргыздар түндүк-түштүк деп бөлүндүк эле. Андан кийин, Солто, Сарыбагыш болуп уруу-урууга бөлүнгөндү үйрөндүк эле. Эми кыргыздар “Таблиги жамаат,” “Салафит,” “Вахабит” болуп диний агымдарга бөлүнсөк, акыры аягы кайда барабыз?! Бир тууган ага-ининин балдары бири “Вахабит,” бири “Салафит,” бири “Таблиги жамаатта” болсо, анда кандай болот?

Чүйдүн айылдарына барып калсаң “Ой, алар “салафиттер” өткөндө тытыша кеткенбиз, алар “вахабиттер” жаш балдар барып баягында кагылыша кетиптир…”-деген сөздөрдү уга баштадык. Бул бир эле Ислам дининен келип чыккан көйгөйлүү маселе. Эгер аларга башка диндердин секталары келип кошулса, радикалдуу уюмдар келип кошулса эмне болот? Өкмөт эмнени көзөмөлдөп жатат? Тап-такыр эле көзөмөлдөн чыгып кеткен жокпу? Бул агымдардын кимиси туура, кимиси жаңылыш жолдо баратат аны диний аалымдардан, кесипкөй адистерден сурап, ийне-жибине чейин иликтеп, тактап туруп өкмөт жеке көзөмөлүнө албаса аягы жакшылыкка алып келбейт го. Же биз кыргыздар татарлардан, башкырлардан, тажик же өзбектерден динди терең түшүнөбүзбү? Мен кайсы бир диний агымды мактап же жамандап жаткан жокмун. Болгону мамлекеттин динге болгон көз карашы, идеологиясы барбы? Мына ошону билгим келет. Бүгүнкү күндө мен КР Өкмөтүнүн диний багытта келечектүү иш алып бара жатканын көрбөй жатам.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Кадыр МОМОЕВ

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: