Menu

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-январдын түнүндө Бишкектеги кафелердин биринде “Азия ньюс” гезитинин журналисти Аслан Сартбаев сабалды. Бул тууралу бизге Сөз эркиндигин коргоо комитетинин аткаруучу директору Адил Турдукулов Аслан Сартбаевдин маалыматына таянып билдирди.

Бизнесмен Рустам Маманов менен депутат Азиз Турсунбаев журналист Аслан Сартбаевди Бөкөнбаев менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин бирине “чайга” чакырышкан. Аслан Сартбаев келгенде Рустам Маманов КР Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асановго телефон чалып: “шеф, Аслан келди” деп кабарлаган. Көп өтпөй жетип келген генерал Асанов ордунан туруп учурашканы кол сунган Аслан Сартбаевди бет талаштыра муштап жиберген.  Журналисттин айтуусунда муш кулак түпкө тийген.

Рустам Маманов менен Азиз Турсунбаев өздөрү “чайга” чакырган журналистке болушушкан эмес.

Ага чейин “Азия ньюс” гезитинин акыркы санында генерал Курсан Асановду мыскылдап итке теңеген фотоколлаж менен негативдүү маалымат жарыяланган. Аны көргөн Курсан Асанов ал маалыматты негизсиз деп эсептеп, ал эми фотоколлажды жеке керт башын кемсинтүү катары кабыл алган. Ошондон кийин генерал журналист Аслан Сартбаев менен жолугуп, сүйлөшүүнүн айла-амалын көрүп жатканын укканбыз.

Жаңжалдын чыгышына себеп болгон фотоколлаж

Биздин булактар кабарлагандай, кечки “чай ичишүү” да кокусунан болгон эмес жана атайын сценарий боюнча уюштурулган. Ар бир каарман өз ролдорун мыкты аткарышкан.

Укук коргоочу Адил Турдукулов бул иш боюнча журналист Аслан Сартбаевдин атынан арыз жазып, КР Генералдык прокуратурасына кайрылган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: