Menu

Иса Өмүркулов, “СДПК” фракциясынын лидери: “Атамбаевдин эмнеси бар, эмнеси жок экенине чейин билем”

Бөлүшүү:

— Иса Шейшенкулович, сиз азыр эле трибунадан Алмазбек Атамбаевдин таза экендигин айтып өттүңүз. Бирок, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин жаңы салып жаткан Кой-Таштагы үйүнүн жер тилкеси Максим Бакиев, Ширшовдуку экенин, ал 2010-жылы басып алынганын, учурдагы калаа башчысы Албек Ибраимов “тартуу” кылганын айтып чыкпадыбы? Мунун баарына кантип, кайсы факты менен досуңуз, президент Алмазбек Атамбаевди актайсыз?

— Биринчиден, Алмазбек Шаршеновичтин тазалыгын мендей жакшы билген киши жок. Канча жылдан бери кыйын кезеңдерде чогуу жүргөнбүз. Атамбаевдин эмнеси бар, эмнеси жок экенин, эски үйү кайсыл жерде жайгашканын да билем. Азыр айтылып жаткан жер боюнча айтсам, бул деген Кой-Таш аймагына кетип жаткандагы аймакта. Ал жарлуу, эңкейиш жер. Ал жерде 27 гектардын жарымы дагы жок. Болгону эки гектардай гана жер бар. Аны бүгүн Алмазбек үч жарандын жерин сатып алып кошуп койду. Мунун баары декларациясында жазылган. Жөн эле түздөн-түз каралай берген болбойт да туурабы?

— Кечээ сиз ушундай жол менен кетсек парламент тарап кетиши мүмкүн деп айттыңыз? Кетиши мүмкүн деп коркута бербей чечкиндүү кадам жасаса болбойбу?

— Эгерде депутаттар, биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды элдин кызыкчылыгынан жогору койсок, мындай парламенттин эч кандай кереги жок. Тарап кеткенибиз жакшы. Трибунадан чыгып акыйнек айтышуу үчүн парламентке келген эмеспиз да.

— Дайыма бирдин ичинен чыкчу Өмүрбек Чиркешович кандайдыр бир саясый оюн уюштуруп жибербейби?

— Сөзсүз түрдө мунун артында кандайдыр бир кызыкчылык турат. Кызыкчылыгы жок ким чыкмак эле. Бирөөнү каралоо үчүн чоң мотив керек. Эч кандай оюн жасалбайт дечи. Бирок айткан киши башы менен жооп бериши зарыл. Көчөнүн сөзүн сүйлөгөн жок да.

— Жаңы комитеттин башчысын шайладыңыздар. Асел Кодуранова коомчулукка өтө деле жакшы иштерди жасап белгилүү боло алган эмес. Депутат болуп келгенден бери активдүүлүгүн деле көрө албадык. Болгону элдин эсинде Атамбаевдин мурунку катчысы болгону менен эсинде калыптыр. Өтө жоопкерчиликтүү комитетке төрайым кылып шайлаганыңар аша чаап кеткендик болбодубу?

— Кайсы депутатты эл тааныйт? Баарыбыз бирдейбиз да. Ал эми Асел Союзбековна биздин илгерки партиялашыбыз, юрист, экинчи чакырылыштын депутаты. Менимче комитетте толук эле ишти алып кетет деп мен ишенем.

— Коалициядан сен чык, мен чыкпайм болуп кырылышып жатасыздар. Бул жакынкы убакта азыркы коалиция урап, жаңысы куралат деген белгиби?

— Бириктирчү адамдарыбыз депутат Өмүрбек Текебаев айтып жаткандай болсо ким биригет? Андай биригүү болбойт, чогуу маселе дагы чече албай калабыз.

— Анда батыраак эле коалицияны таратып жаңысын курбайсыздарбы?

— Коалиция түбөлүк турбайт, турган дагы эмес. Өзгөрүп туруучу көрүнүш. Ошондуктан убагы келсе өзгөрүлөт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: