Бүгүнкү күндө стационарда 246 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 176 бейтаптын абалы канаттандырарлык, 23 адамдын абалы орточо оор. Ал эми 7 бейтаптын абалы оор, анын ичинде төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 895 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен 637 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. 12 адам оорудан улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ