Menu

Шайырбек Маматокторов, журналист: “Азаттыкта” непотизм же жердешчил-тууганчылдык орун алганы ачыкталып калды

Бөлүшүү:

Азаттыктагы жердешчилик жана кадр саясатындагы одоно кемчиликтерди Шайырбек Эркин фактылар менен так айтыптыр. Айрыкча, Aidanbek Akmatov сыяктуу чыгаан журналисттер четтетилип, ал эми Каназаров сыяктуу, бир саясий топтун кызыкчылыгын жактагандар көтөрмөлөнүшкөн. Ошондой эле, Ак-Үй менен Көк-Үйгө кеткендер, кайра Азаттыкка келип калышы – чоң катачылык болгон. Нарын Айып кыргыз журналистикасынын гиганттарынын бири, ал агайыбыз да, Азаттыкта непотизм же жердешчил-тууганчылдык орун алганын ачык айтып чыкты.
Азаттыктын тажик редакциясында олуттуу тазалоо орун алып, анын себеби, айтылган редакция кайсы бир саясий топко кызмат кылганы айтылды. Ал эми кыргыз редакциясы деле, алардан айырмасы жок экени ачыкталып калды.
Албетте, Азаттыкта дагы деле белдүү журналисттердин жоон тобу эмгектенет, жана албетте алар деле бул кырдаалды бизден жакшы билип турат. Жетекчиси Венера Джуматаева бул дооматтарга азын-оолак жооп жазыптыр. Бирок, ал жерде так жана олуттуу түрдө, коюлган дооматтарга каршы аргумент келтире албаптыр.
Ошол эле кезде, бир нече журналисттер Азаттыктын АКШдагы кеңсесине жолдогон катын дагы колдой бербедим. Кайрылуунун формасы жана деңгээли, ал жерде келтирилген дооматтар жана нааразычылыктардын формулировкасына ынанбадым. Бирок, журналист Шайырбек Эркин алда канча так, таамай жана даректүү жүйөлөрдү келтириптир.
Азаттык тез арада кескин жана олуттуу реформаланышы керек!

Шайырбек Маматокторов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: