Бишкектеги гипермаркетте иштеген кызматкер коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Такталгандай, коронавирус “Vefa” соода борборунда жайгашкан Фрунзе гипермаркетинин кызматкеринен аныкталган.
“Бейтапта оорунун белгилерди байкала баштаган. Анын туугандары Санэпидкөзөмөл борборунда иштейт экен, ал өзү текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган. Лабораториялык анализдер оң натыйжа көрсөттү. Ал азыр дарыланып жатат. Гипермаркеттин бардык кызматкерлеринен анализдер алынып, жыйынтыктары терс чыкты” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ