Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация расмий иш сапар менен Өзбекстан Республикасына келди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Учак Самарканд шаарына конуп, делегацияны жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү тосуп алышты. Бүгүн, бир катар иш-чаралар мерчемделген, алардын катарында Өзбекстандын биринчи Президенти И.Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш чарасы да өтөт.
Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ