Чүй облусунун мурунку губернатору, азыр Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп жүргөн Айбек Азыранкулов дагы эки тарапка кызмат кылып жатат деп шек саноо күч алды. Азыранкулов жакында эле Бишкек шаарындагы кафелердин биринде Алмазбек Атамбаев уулу Сейтек, иниси Эмил менен жолугуп сүйлөшкөнүн калп деп айта алабы? Көргөндөргө “Өздөрү жолугалы деп келиптир” деп жер карап шылкыйганы эмнеси? Сейтекти айылдаштары “Сайка” деп эркелетип коюшат экен. Айбек менен “Сайканын” бизнеси чогуу болбосо, экөөсү кайсыл теманы сүйлөшмөк эле. Же президенттин кеңешчиси буларга “калканч” болуп бергиси келип атабы? Эмил агасы президент болуп турганда Арашандан гектарлаган жерлерди алганы, Чуңкурчактагы лыжа базасына ээлик кылганын көпчүлүк билишет. Азьңэ арашандыктар “Эмил агасынын учурунда алган жерлерди сатып жатат. Аны саттырбай арест салып коюш керек. Лыжа базаны дагы башка бирөөгө өткөрүп берип жатыптыр. Булар байлыктарын сатып кетип калышат” деп маалымдашты. Ушунун баары Айбек Азыранкуловдун көзөмөлүндө жүрүп жаткан жокпу деги?
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ