Орусиянын укук коргоо органдары эл аралык издөөгө салынып, Дагестандан чыккан жихадчы, Орусияда тыюу салынган “ДАИШ” (“Ислам мамлекети”, ИМ, ИГИЛ) уюмунун “банкири” Исраил Ахмеднабиевдин ( Абу Умар Саситлинский) ишмердүүлүгүн иликтеп жаткан кербези. Бул туурлауу eadaily.com сайты билдирди. Маалыматка ылайык, Саситлинский негиздеген “Тирүү жүрөк” сыяктуу “соопчулук” фонддор аркылуу ДАИШке акча чогултушкан орус жарандары маал-маалы менен соттолуп жаткан учур.
Саситлинский үчүн акча каражаттарды мурунку СССР республикаларында – анын ичинен Кыргызстанда чогултуп турушкан.
“Саслитскийдин агенти – Марат Жуманалиев – КВН ойногон «Азия MIX» командасынын мүчөсү, ошондой эле КРда баскетбол жана бокс боюнча бир нече ирет чемпион болгон. Жуманалиевдин спарринг-өнөктөштөрүнүн катарында Киевдин мэри Виталий Кличко да бар. КВНдеги “Маратик” Абу Умар Састлинский менен иштешкенин мусулмандардын “Умма” журналына берген маегинде өзү айткан”, – деп жазат орус басылмасы.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы декабрда Москвада, Дагестанда, Чеченстанда жана Ингушетияда тыюу салынган ДАИШ жана “Джебхат ан-Нусра” террористтик уюмдарынын майда уюмдары ачылган. Тинтүү учурунда терроризимди каржылаган банк карталары, экстремисттик адабият, сим-карталар алынган. 7 киши камакка алынып, 20сы сурак берген. 2016-жылы эле Абу Умардын уюмдары террористтерге 38 млн рубль которушкан.
90-жылдары Абу Умар Дамаскта жана Каирдин “Аль-Азхар” университетинде исламга окуган. Өзүнүн айтымында, шейх жана шариат казысы деген наамдарга ээ. Орусияга кайтып келгенде, ал жана шейит кеткен Александр Тихомиров (Саид Бурятский) жана Арсен Желилов ( Абу Яхъей Крымский) менен биргеликте мурунку СССРдин аймагында “таза исламды” кеңири жайылтышкан. Негизи эле Абу Умардын жоруктарына сөз жетпейт, кантип акча жасагандары том-том болуп жазылган. 2018-жылы ал Нигерде жашап, Африканын калкы үчүн азык-түлүк, дары-дармек чогултууну уюштуруп жүргөнү айтылат. Азыр ал издөөдө.
Ал эми кыргыз жараны Марат Жуманалиев жөнүндө Орусиянын күч түзүмдөрү башка эч кандай маалымат беришкен эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ