Бишкек мэриясы шаар тургундарын мешке таштанды менен желимди жакпоого чакырып, эреже бузгандарга айып салынарын эскертти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекция менен райондук акимиаттын кызматкерлери күн сайын шаарды көзөмөлгө алышууда. Күн сууктагандан кийин мешке желим жана таштанды жаккан фактылар аныктала баштаган. Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 71-беренеси боюнча таштанды жаккан жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүш таштандылары менен башка предметтерди жаккандарга, ошондой эле жалбырак өрттөгөндөргө 7,5 миңден 23 миң сомго чейин айып каралган.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ