Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Баткен облусунда болуп өткөн окуялардан жабыркаган жарандарга жардам иретинде которушат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, мындай чечим министрликтин профсоюздук комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Жыйында бардык мүчөлөр жогорудагы демилгени колдоп, жаралган кырдаалда кыргыз элинин биригип, бири-бирине жардам көрсөтүп, ынтымакты сакташы маанилүү экенин баса белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ