КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КРнын ӨКМ жана Кызыл Крест уюму тарабынан Баткен шаарынан Лейлек районуна атайын учак менен медициналык дары дармектер, гигиеналык каражаттар жиберилди. Жүк ташуучу унаалар менен азык-түлүк да жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма соз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек кечээ 29-апрелде кечинде Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган.
Орун алган кырдаалга байланыштуу облустук өкүлчүлүк атайын банкттык эсеп ачты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ