Menu

Видео – Алиясбек Алымкуловго тургузулган эстелик коомчулуктун сынына кабылды

Бөлүшүү:

Бүгүн 10-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда 20 адамга тургузулган айкелдердин ачылышы болду.

Алардын ичинен Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов, социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров жана генерал Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.

Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, Таластын мурунку жетекчиси Дайыр Кенекеев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Айкелдерди тургузууга 3 миллион сомго жакын каражат сарпталган. Ал айкели жасалган адамдар жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Бул эстелик социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

Журналист Дайыр Орунбеков “Тообо кылдым эй! Кадимки 7-апрель баатыры Алиясбек Алымкулов көзү тирүү кезинде өзүнө эстелик тургузду. Эстелигин коюп, өзү өзүнүн эстелигине кол чапты”, – десе, дагы бир журналист Тынчтык Алтымышев “Олда, Алиясбек байке, ай. Канткен менен көөдөн кенен да…  Эгер, 7-апрелдеги революция максатына жетсе да бир жөн эле”, – деген пикирлерин калтырышкан.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2171636656232111/

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: