Menu

Фото – ИИМдин Академиясында «Окуу соттук процесс» аудиториясы  ачылды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 28-февралында ИИМдин Академиясында соттук отурумдардын залын чагылдырган жана дал ошондой орнотууулар менен жасалгаланган “Соттук окуу процесс” аудиториясы ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты курсанттарга жана студенттерге берилип жаткан сабактарды тереңдетүү менен практикалык негизде өткөрүү. Окуу аудиториясы, Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруу максатында, Өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюм (IDLO) жана Баңгизаттар менен эл аралык күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги боюнча бюро (INL) менен биргеликте ишке ашырылды. Салтанаттуу ачылышка Баңгизаттар менен эл аралык күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги боюнча бюросунун өкүлдөрү Сандип Пол, М. Дастанбеков, Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюмунан Фред Хьюстон, Д.Максимбекова, Д.Айжигитов, Бишкек шаарынын Свердлов райондук судьясы А.Касымбеков, ИИМдин УКЭКБнын өкүлдөрү, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Ал эми 2019-жылдын 2-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын судьялары жана Академиянын окутуучулары курсанттарга жана студенттерге дал ушул аудиториядан практикалык сабактарды өткөрүп башташат. Бул өз кезегинде  ИИМдин Академиясындагы билим берүү сапатын жогорулатат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: