Menu

Сүйүн Өмүрзаков Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын Коомдук алдын  алуу борборлорунун өкүлдөрү менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2019-жылдын 1-март күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү ИИМдин Сагын Наматбаев атындагы музейине барышты. 20 ашык коомдук алдын алуу борборлорунун (аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар комитетинин өкүлдөрү) 40 жакын өкүлдөрү, андан сырткары милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүлөрү ИИМдин
музейин көрүп чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Коомдук алдын алуу борборлорунун иши аркылуу милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүктү алдыга жылдыруу максатында өткөрүлдү.

Музейде Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө кыргыз милициясынын түзүлүү тарыхындагы маанилүү окуялар жөнүндө, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эрдиги жөнүндө айтып беришти.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү менен жолукту.

Сүйүн Өмүрзаков, Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө кайрылып, “Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукка байланышкан маселелерди чечүүдө милиция менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын,   коомдук борборлордун  ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүк мамилесин бекемдөө менен  коомдук борборлордун баардык мүчөлөрүнүн катышуусун камсыздап, алардын ишинин натыйжалуугун жогорулатууга маани берүүдө. Бир гана милиция менен калктын ортосундагы кызматташтык мамлекетти туруктуулукка, коррупция менен кылмыштуулуктуктун азайышына, коомдук коопсуздукту сактоого алып келет”-деп билдирди.

Бүгүнкү күнү  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин иш-аракети менен 500 ашык Коомдук алдын алуу борборлору түзүлгөн. 2005-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин, жергиликтүү бийлик органдары жана айрым эл аралык уюмдар тарабынан Коомдук алдын алуу борборлоруна усулдук, материалдык-техникалык жана башка жардамдар көрсөтүлгөнүн эскертебиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: