Menu

Сенин өмүрүңдөгү эки күн өтө маанилүү: туулган күнүң жана эмне үчүн туулганыңды түшүнгөн күнүң…

Бөлүшүү:

Адам оңой эле айбанга айланат. Бул – коркунучтуу, бирок андан да коркунучтуусу – ал эч качан кайра адам боло албайт.
(Аль Пачино)
Эч кандай кыйынчылык “ушундан көрө өлгөнүм жакшы эле” деп өлүмдү эңсегенге арзыбайт.
(Мишель де Монтень)
Кайгы-капанын чеги болгон сыяктуу, кубанычтын да чеги болот.
(Джеймс Купер)
Биздин кайгыбыз кайгылуу эмес, биздин арзан кубанычыбыз кайгылуу.
(Генри Торо)
Жалгыз өзүң кубанган көңүлсүз.
(Готхольд Лессинг)
Бир кезде мен жаш, келесоо болчумун. Азыр болсо картаң жана келесоомун.
(Генрих Гейне)
Сүйүү маселесинде жаштар кылган иши, карылар болсо кылбаган иши үчүн жооп беришет.
(Пьер-Огюстен Бомарше)
Жаш кезде биз баарына ишинебиз, бирок бизге эч ким ишенбейт, картайганда баары бизге ишенишет, биз болсо эч кимге ишенбейбиз.
(Моисей Сафир)
Жаш кезде үйрөнөсүң, картайган кезде түшүнөсүң.
(Мария Эбнер-Эшенбах)
Калдыркандуу жана көз айнектүү жылаандар аялзатына окшош: канчалык картайып, куник болсо ошончолук коопсуз. Канчалык жаш, сулуу болсо ошончолук уулуу болушат.
(Альфред Брэм)
Балалык жашоого умтулат, өспүрүм кез жашоонун даамын татат, жигит кез жашоого мас болот, токтолгон курак жашоодон ырахат алат, улгайган курак жашоого өкүнүп, бүкчөйгөн курак жашоого аргасы жок көнөт.
(Пьер Буаст)
Карыларды урматтабаган коом да, жаштарды сүйбөгөн коом да – начар коом.
(Андрей Моруа)
Картаюунун чеберчилиги ушунда, жаштарга тоскоол эмес, жөлөк-таяк, атаандаш эмес, устат, көңүлкош эмес, түшүнгөн киши болушуң керек.
(Андре Моруа)
“Чалсың” деген сөздү алгач ирет укканда ар кандай адам селт эте түшөт.
(Оливер Хомс)
Досторуң сага “көрүнүшүң жакшы” деп комплимент айта баштаганы – бул сенин картая баштагыныңдын белгиси.
(Марк Твен)
Китеп – жаш кезде эң мыкты кеңешчи, картайган кезде эң мыкты эрмек.
(Сэмюэл Смайлс)
Бейиште жашаган картаң куш болгондон көрө, көң тытып жашаган жаш тезекчи коңуз болгон жакшы.
(Марк Твен)
Эркек кишинин жаштыгын бактылуу сүйүү гана узарта алат. Башка сүйүү аны заматта чалга айлантып салат.
(Альбер Камю)
Жаштар эмне жасап жатканын, карылар буга чейин эмне жасагандарын, келесоолор эмне жасашмакчы экендиктерин айтышат.
(Пьер Буаст)
Биз карылардын акылын өтө эле аз колдонобуз.
(Пьер Буаст)
Сенин өмүрүңдөгү эки күн өтө маанилүү: туулган күнүң жана эмне үчүн туулганыңды түшүнгөн күнүң.
(Марк Твен)
Сулуулугунан башка эчтекеси жок аялдар үчүн карылык тозоктун тозогуна айланат.
(Шарль де Сент-Эвремон)
Жашоо өзү ушундай: жаштык шаңданат, карылык сөгүнөт.
(Артур Конан-Дойл)
Жаш кезде кылган күнөөңдүн азабын
карыганда тартасың.
(Пьер Абеляр)
Тажырыйбасы жок, бейкүнөө жүрөктү биринчи болуп күнөөгө батыргысы келген киши анын бузулушунун биринчи күнөөкөрү болуп калат жана кийинки күнөөлөрүнүн баары үчүн жоопкерчилик тартат.
(Шодерло де Лакло)
Адам канчалык картайган сайын ошончолук балага жакын болот.
(Эразм Роттердамский)
Бир карыя күн сайын карылар үйүндөгү алжып калган кемпирине тамак алып келчү. Бир жолу ал жерде иштегендер “аксакал, өзүңүз араң басып жүрөсүз, сизди тааныбай калган кемпириңизге тамак ташып эмнеге убара болуп атасыз?” деп сурашса, “кемпирим мени тааныбаганы менен мен аны тааныйм да” деп жооп берген экен.
(Чыгыш накылы)
Жаш жигит келинчегине туруктуу болгусу келет, бирок боло албайт. Абышка кемпиринин көзүнө “чөп салгысы” келет, бирок колунан келбейт.
(Оскар Уайльд)
Нан эле болсо ар кандай кыйынчылыкка чыдаса болот.
(Мигель де Сервантес)
Аял киши эриккенден көрө жинденгени жакшы.
(Бернард Шоу)
Оору – бул мезгилинен эрте келген карылык сыяктуу.
(Александр Поуп)
Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Урматуу окурмандар! “Кеменгер кептин” төрт жылдык топтому толукталып, кайрадан басылды. Көлөмү 380 бет. Мукабасы калың. Китепти сатып алууну каалагандар (0773)096931 (Бишкек),
(0777)161661 (Ош)
телефонуна
кайрылсаңыздар болот.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: