Ошентип… Кыргыз парламентинин 6-чакырылышынын депутаттары жайкы эс алууга тарады. Алар шайланып келген күндөн эле тарта ММКларда, элдин ичинде да не деген гана сөздөр айтылбады, чиркин ий! Ушунчалык бийик статуска ээ болуп турушуп, өздөрүнүн катарындагы эле депутат С. Нышанов бир жолу «биз эшектин тушагын чечкенге да жараган жокпуз» деп айтканындай эле мажирөөлүгүн, саткындыгын, эки жүүздүүлүктөрүн көрсөтө алышты көп учурларда. Бир чындык, буга чейин парламент тууралуу коомчулукта бир жактуу пикир жаралган эмес. Ушу тапта көпчүлүк алардан кутула тажагандай эле болду. Коомчулук демекчи, бир кездерде бийликтин бийик баскычтарында жүргөн ЖК депутаты, экс-вице премьер-министр Мира Жангарачеванын килейген «Азаттык» радиосу аркылуу « мындай «колхоз парламент» деги эле Кыргызстандын тарыхында болгон эмес» деп айтканы да жөн жерден айтылбаган чыгаар. Түшүнгөн адамга бул эмне деген баа? Ал эми ИИМдин экс-депутаты, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев «азыркы парламентте отургандардын 15- 20сын сураксыз атып салыш керек» деген пикирин ММКларга ачык эле билдирген. А чынында азыркы парламенттин курамын карасаңар кимдер гана жок, «аферисттер», «бандиттер» , эл ырыскысын тоноп-тоюунуп алгандар толуп алгандай.
Мына бу акыркы жыйынында айтып жатышат алар «биз кыйраттык» маанисинде. А бирок канчалаган жалпы жыйындар кворум жок үзгүлтүккө учурады. Болгону жумасына эки жолу гана жалпы отурумда 120сынын 10-15сы гана отурган «ишмердүүлүктөрүнө» бүтүн Кыргызстан күбө болду го. Ал эми комиттеттик жыйындар, фракциялардын чогулуштарынын канчалары болбой калды. Кечээ жакында эле аяктаган Улуу Рамазан айынын учурунда дагы бир депутат өз кесиптештеринин мындай «өзүмбилемдиктерине» карата «мен бир жылдан бери көрбөгөн депутаттарды кечинде ифтарларда көрдүм» дегеничи. А саясий маселелерде жөн эле каалаган жагына ийлечү куурчак болуп калышкандарын жамы-журт баары билип бүттү! Бирок, кыргыз эли жакында мындайлардан кутула албай калды окшойт. Эң өкүнүчтүүсү, эми Кыргыз парламентине көөдөнү терең, көкүрөгү таза бирок, чөнтөгү жука адамдар келе алышпайт. Андай адамдар үчүн парламенттин эшиги жабык десек да болот. Ушундайда жалаң акчалуулар үчүн гана ылайыкталган ушундай системаны киргизген, 2010-жылы зордукчул туулган Жаңы Баш мыйзамдын башкы дрижерлордун ана башчысы Ө. Текебаевди дагы да сөгүп алгың келет экен. Себеби, байлар жүргөн жерде эч качан чындык алынкы орунга чыкпайт. Абалыбыз азыркы шарттан 200 эсе оор болгон 1916-жылдагы Үркүндө да азыркыдай бай-манаптар эмес, элди тар жол тайгак кечүүдөн көпөстөр эмес, карапайым элдин арасынан чыккан азаматтар сактап калган!
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ