Бүгүн, 30-июнда АКШнын Чикаго шаарынан мындан 8 ай мурун бийликтеги КСДПнын зулумдугунан АКШга Мексика аркылуу жубайы менен качкан Ринат Самудинов үн катты.
Ал Кыргызстандан качып кетүүсүнүн себептерин түшүндүрүп, ага Атамбаевдик режимдин желдеттери, КСДПнын Саясый Кеңешинин мүчөлөрү Фарид Ниязов менен Данияр Аттокуровдун кысым көрсөтүүлөрүн атады. Алтургай жубайы экөөсүнө кол салуулар болгондугун айтып берди. Бир кездеги КСДПнын жаштар канатынын лидери Ринат Самудинов жубайы менен АКШнын миграциялык лагеринде 8 ай олтуруп, эми сот аркылуу эркиндикке чыгып, азыр Чикаго шаарында жашап жатышканын билдирди.
https://www.youtube.com/watch?v=WVmbRvTXbIA
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ