Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Айтмамат Назаров Кыргыз авиациясы оор абалда экенин айтты.
“Бүгүнкү авиациянын, авиапарктын абалы абдан оор. Бүгүнкү күндө учактар жок. Учурда 23 компания тейлеп жатса, алардын 7 эле учагы бар экен, анын экөөсү да оңдоодо. Билеттердин баасы 4 миңге чыкты, бирок коопсуздук маселеси ошол бойдон калууда. Азыркы учурда Ош-Бишкек каттамы 3 рейске кыскартылды”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ