Menu

Араван районунда үй-бүлө куруу маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында КРнын Президентинин алдындагы «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Улуттук маданият, илим жана дин» долбоорунун алкагында аялдар үчүн уюштурулган атайын семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Араван районунун башкы имам-хатиби Умарали ажы Муратов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов, “Мутакалим” уюмунун өкүлү Жамила Жапашова, райондук администрациянын өкүлдөрү жана райондогу активист аялдар катышышты.

Семинарда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында баян жасап, учурдагы жаштар арасында жана болочок энелердин тарбиялык калыптануусунда болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп, аларды жоюуунун жолдорун Исламдын негизинде түшүндүрүп берди. Казынын айтуусунда “Ислам дини аялзатына чоң урмат сыйлуу даражаны берүү менен кошо аяллзатында чоң жоопкерчилик бар экенин айгинелеген. Анткени аялзаты инсанды 9 ай боюу курсагында көтөрүп, тарбия алып жетилип чоңоюуусуна түздөн-түз катышат. Эгер жаңыдан турмуш курууга даяр болгон кыз же эненин тарбиясы, жашоого болгон түшүнүгү Ислам дини көрсөткөндөй деңгээлде болсо анда аял күйөөсүнө татыктуу жар, баласына мыкты тарбия бере алган эне боло алат. Демек аялзаты өзүнүн коомдогу ордун таба билүү менен жалпы мамлекетке пайдалуу инсандарды тарбиялап чыгара алат”-деп айтты. Семинардын аягында катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу башка райондордо да улантылмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: