Menu

Депутат Евгения Строкова: “Премьер-министр менен Рита Карасартовага караганда мен кыргызмын”

Бөлүшүү:

Депутат Евгения Строкова (КСДП) өкмөт башчы М.Абылгазиевди  жарандык активист Рита Карасартованы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттиктин директору кылып дайындаганына 4-декабрда парламент жыйынында нааразы болду.

“Премьер-министрдин кадр саясатына суктанып олтурам, билим берүү тармагына Карасартова сыяктуу бузуку кишилердин келишин түшүнбөйм. Рита айым Алмаз Шаршеновичтин тушунда дайыма ага каршы болуп келген. Анан ал киши сын айта баштаганда, башка лагерде болуп калды. Минтип кесиптик билим берүүгө коюп жатасыңар. Эмнеге? Билим берүү тармагын бүлүндүрсүн деппи?”, – деп сурады депутат айым.

Депутат өзүн өкмөт башчы менен Карасартовага караганда көбүрөөк кыргыз сезерин, беркилерде болсо кебетеси гана кыргыз экенин айтты. “А ичтери кандай? Алар келе жаткан муунду ойлошпойт… акыры балдарыбыз Ата Мекендик улуу согушту АКШ уткан деп калышат, туурабы?” – деди Строкова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: