Menu

Шамиль Атаханов, экс-вице-премьер: “Зарылбек Рысалиев болбогон нерселерди айтып, башкаларды баткакка шыбап жатат”

Бөлүшүү:

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов “24.kg” басылмасына маек куруп, анда кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы бошотулушу боюнча өз версиясын айтып берди.

– Батукаевди 10 жылдан ашуун бошотууга аракет кылышкан, муну мен вице-премьер-министрлик кызматка дайындалганга чейин эле көздөшкөн. Мен жөн жерден эле кримтөбөлдү коё берип сала алмак эмесмин, анткени өз мыйзамдары жана татаал процедуралары бар ондогон ведомстволордон өтүү керектелмек, ал эми вице-премьер-министрге аны кылууга болбойт. Врачтардын корутундусун өзгөртүүгө бир да аткаминердин укугу жок. ЖАМКтын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев болбогон нерселерди айтып, башкаларды баткакка шыбап жатат, анткени мага жинденип жүрөт. Мен ички аскер күчтөрүн ИИМдин курамынан чыгарууга каршы чыкканымдан кийин экс-президент Атамбаевдин жакынкы чөйрөсүнөн четтелип калгам. 2013-жылы реалдуу бийлик президенттик аппаратка өтүп, мен Атамбаевдин чөйрөсүнөн чийилип калгам.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: