Ысык-Ата районунда массалык мушташ болуп, алты адам ооруканага түштү. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Маалыматтар боюнча, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бир топ жергиликтүү тургундар айылына башка айылдан жаш үй-бүлө келип жашашкандыгына нааразы болушкан. Алар жаңы көчүп келген үй-бүлөнүн үйүнө барышып, алардан башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышкан, натыйжада мушташ чыккан.
Көчүп келген үй-бүлө сабалган. Алардын 13 жаштагы уулу бычакты ала калып, кол салган жергиликтүү тургундардын экөөсүнө бычак шилтеген. 1988-жылкы жана 1994-жылкы тургундар көкүрөгүнөн жана бутунан жаракат алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ